ЖҮРӨК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдардын, жаныбарлардын сол жак көөдөнүндөгү булчуңдуу баштыкча түрүндөгү кандын айланышын тейлеп турган борбордук орган. Жүрөгүн тыңшап оорунун, Жылмайып доктор сүйлөдү (Бөкөнбаев). || Ушул органдын сырткы тушу. Колун жүрөгүнө коюп ойлоно калды. 3. Адамдын ички дүйнөсүн: оюн, тилегин, ички сезимин, кайгысын, ниетин, жалпы эле көңүлүн билдирүү иретинде колдонулат. Жүрөк сырын айтууга, Тил жетишпейт, тил гана (Токомбаев). Эригендей жүрөгүм, Экиленип баратам (Токомбаев). Анан калса тоодогу түн дагы жүрөккө жакын сезилет (Байтемиров). Жылуу тийген жүрөккө, Сөздөрү ай бозойдун (Турусбеков). 4. Эрдикти, баатырлыкты, кайраттуулукту, жүрөктүүлүктү, тайманбастыкты, эргүү сезимин билдирүүдө колдонулат. Кайдасың арстан жүрөк Өмүрбегим (Үмөталиев). Акылынан шашпаса, Жоокердин көркү жүрөктө («Мендирман»). Жүрөгү бар азамат, Ошондо ишке жарады (Турусбеков). Жалын жүрөк, сөзгө чечен, ишке маш (Токомбаев). 5. Бир нерсенин эң негизгиси, борбору, чордону. Тормоз вагондун жүрөгү (Сасыкбаев). Жер жүрөгү –Москва (Бөкөнбаев).